Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Баткенде жергиликтүү тургундар менен жолугушууда контрабандага каршы күрөш жана бюджеттин кирешесин көбөйтүү маселесине токтолду.
Мамлекет башчысы 2020-жылы кызматка киришкенден тартып Бажы жана Чек ара кызматтарына контрабанданы өткөрбөө боюнча талап коюп келгенин белгиледи.
Президенттин айтымында, өлкөгө мыйзамдуу импорттолгон товарлардан бажы төлөмдөрү алынат жана бул каражаттар бюджеттин өсүшүнө салым кошот.
"Эгерде ар бир эле айылда контрабанда менен иштей берсе, анда биз кантип экономиканы көтөрөбүз? Кантип эртең силер сураган каражатты бөлүп беребиз?" - деди президент.
Садыр Жапаров ошондой эле жакында контрабандага байланыштуу 15ке жакын чек ара жана бажы кызматкери кармалганын билдирди. Анын айтымында, УКМК жүргүзгөн жашыруун видеокөзөмөлдө кызматкерлердин контрабандалык товарлар үчүн акча алып, санап отурганы катталган.