Чат-Базар – Арал – Талды-Булак унаа жолунун 5 чакырымы асфальтталды

Аймак Загрузка... 14 Июль 2026 16:50
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Талас районундагы Чат-Базар – Арал – Талды-Булак унаа жолунун 5 чакырым аралыгы асфальтталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Мындан тышкары, райондогу Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркына алып баруучу 10 чакырым унаа жолго асфальт төшөө боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.

"Учурда жолдун негизин даярдоо, жер кыртышын тегиздөө жана кеңейтүү сыяктуу жер жумуштары аткарылууда", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Көк-Ой – Кызыл-Туу унаа жолунун планга кирген тилкесине асфальт төшөлүп бүттү. Ал эми Кызыл-Туу – Манас-Ордо унаа жолунда жер жумуштары уланууда.

Аталган жолдордо курулуш иштери бекитилген графикке ылайык министрликтин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.