Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жумушчу сапарынын алкагында Талас районунун Көк-Кашат айылындагы капиталдык оңдоодон өткөн “Жан” каналына барды.
Ведомстводон маалымдашкандай, аталган каналга сугат суу Талас дарыясынан алынат.
Сугат аянты – 1039 гектарды, каналдын узундугу 10,5 чакырымды түзүп, Талас районунун Кең-Көл айыл өкмөтүнүн айдоо талааларын сугат суу менен камсыздайт. Каналдын суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү секундасына 2,5 метр куб. “Жан” каналы аркылуу каналдын аягындагы БСРга (бир күндүк суу топтоо көлмө) түнкүсүн суу толтуруп берилип турат. БСРдын суу толуу көлөмү – 0,045 млн м3.
2024-жылы мамлекеттик каражат эсебинен Жан каналынын 0,335км монолиттик бетондолгон.
2025-жылы мамлекеттик каражат эсебинен 0,30 км канал монолиттик бетондолду.
Жаңы оңдоп-түзөөдөн өткөн каналдын курулушунун сапатын көзөмөлдөн өткөргөн министр Бакыт Төрөбаев учурда республика боюнча ирригация тармагына мамлекет тарабынан өзгөчө маани берилип, дыйкандарды сугат суусу менен камсыз кылуу багытында БДР, БСРлерди, жаңы каналдарды куруу, оңдоп бетондоо сыяктуу иштер кызуу жүрүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле сууну үнөмдүү пайдалануу зарылдыгын, жаңы заманбап технологияларды колдонуп жамгырлатып, тамчылатып сугарууга өтүү мезгил талабы экенин кошумчалады.