Былтыр Ысык-Көл облусунун ИДПсы 115 млрд сомду түздү

Загрузка... 24 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун 2024-жылдагы ички дүң продукциясынын көлөмү 115 млрд сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 2,9%га өсүү болду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Узап кеткен жылы Ысык-Көл облусунун туруктуу өнүгүүсүнө багытталган чаралар өз жемишин берип, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бир катар маанилүү көрсөткүчтөргө жетишилди.

Жергиликтүү экономикада 6519,3 млн сомдук продукция өндүрүлүп, 142,1% физикалык өсүү камсыздалды.

Айыл чарбасында дүң продукциянын көлөмү 48829,7 млн сомду түзүп, 104,7% өсүү катталды. Жалпысынан негизги капиталга салынган инвестициялар 33,5%га өсүп, 43729,4 млн сомго жетти.

Облуста 69 социалдык объект колдонууга берилип, дагы 65инин курулушу уланууда.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, бул иш-чаралар калктын жашоо шартын жакшыртууга олуттуу салым кошууда.