Былтыр прокуратура органдары тарабынан дээрлик 4,5 миң га жер мамлекетке кайтарылды

Коом Загрузка... 03 Февраль 2025
462600572_850473653938355_5495433636741754220_n.jpg
copyright icon Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. 2024-жылы прокуратура органдары тарабынан мыйзамсыз берилген жерлерди мамлекетке кайтаруу боюнча бир топ иштер жүргүзүлдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, натыйжада жалпы 4 488,13 га жер мамлекеттин менчигине кайтарылган. Анын ичинде:

- 147,2 га калктуу конуштардын жери (1,1 млрд сом);
- 1 235,14 га айыл чарба жерлери (6,2 млрд сом);
- 631,91 га өнөр жай жана башка максаттагы аймактар (3 млрд сом);
- 2 309,02 га суу фондуна караштуу жерлер (7,9 млрд сом);
- 161,05 га токой фондуна тиешелүү жерлер (1 млрд сом).

Мындан тышкары, жалпы баасы 983,6 млн сом болгон 43 социалдык объект (мектептер, бала бакчалар, медициналык жайлар жана спорт комплекстери) мамлекеттин жана муниципалитеттердин менчигине кайтарылды.

Прокуратуранын ишмердүүлүгү мындан ары да мыйзамдуулукту чыңдоого, жарандардын социалдык укуктарын коргоого жана ар кандай мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталат.