Былтыр Ош облусунда 19,3 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Загрузка... 04 Февраль 2025 09:23
890919794.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. 2024-жылдын 12 айында Ош облусунда 19 млрд 336 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык индекстин көлөмү 108,9 пайызды түздү.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ошондой эле өнөр жай багытында 128 жаңы ишкана ачылып, 1394 жумуш орду тузулду.

Алардын эсебинен жалпысынан 2 млрд 545,6 млн сомдон ашык инвестиция өздөштүрүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 66,4 млн сомго көп.

Ал эми ишканалардын саны боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу 67 ишканага көп ачылды.