Былтыр Нарын облусунда 42 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Загрузка... 02 Февраль 2025 12:12
475797882_1376883890389704_2205995317905794732_n.jpg
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 02.02.25. /Кабар/. 2024-жылы Нарын облусунда 42 чакырым унаа жолго асфальт катмары төшөлдү.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын жалпы баасы 269 млн сомду түздү.

Анын ичинде 21 чакырым унаа жолу титулдук тизмеден 141 млн сомго аткарылды, ал эми “Капиталдык салымдар” беренесинин эсебинен 21 чакырым унаа жолуна асфальт катмары төшөлүп, бул128 млн сомду түздү. 

Белгилей кетсек, Нарын облусунда жалпы 3421,35 км жол бар. Анын ичинен:

- 586,7 чакырымы – эл аралык маанидеги;
- 1590 чакырымы – мамлекеттик маанидеги жолдор;
- 1244,6 чакырымы – жергиликтүү маанидеги жолдор.