Былтыр өлкөдө 1,8 млн баш ири мүйүздүү мал каттоодон өткөн

Коом Загрузка... 04 Февраль 2025 09:40
WhatsApp Image 2025-02-03 at 14.49.54.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.02.25. / Кабар/. 2024-жылы республика боюнча жалпы ири мүйүздүү 1 млн 802 миң 299 баш мал катталган. Бул тууралуу Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин директору Мыктыбек Каландаров радиолордун бирине маегинде билдирди.

Ал белгилегендей, анын ичинен 902 миң 244 башы саан уйлар. Мындан сырткары, 542 527 баш жылкы, 6 млн 216 миң 125 баш кой-эчкилер, 6 млн 988 миң 968 үй канаттуулары жана 29 миң 676 баш чочко катталган.

“Санак жүргүзүү өлкөдө эпизотиялык абалдын туруктуу сакталышына түздөн-түз таасирин тийгизет. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу үчүн бул аябай маанилүү саамалык. Санак негизинен үймө-үй кыдыруу аркылуу жүргүзүлөт. Себеби, калктын саламаттыгы, азык-түлүк коопсуздугу биз үчүн маанилүү. Катталган мал-жандыктын санына жараша вакцина алынып келет. Ветеринарлар катталган малдын санына жараша үймө-үй кыдырып малга көзөмөл жүргүзүшөт”,-деди ал.

Анын айтымында, учурда эл арасында санакка болгон терс өңүттөгү маалыматтар тарап жатат.

“Учурда эл арасында, малы көп болсо, жөлөк пул, пенсия албай, ал тургай көп өлчөмдөгү салык төлөп калат экен деген кептер тарап жаткан экен. Жарандарга кайрылгым келет, азыр малга болгон салык жок. Болгону сиздердин малыңызга жараша, атайын вакцина бөлүнөт. Малдын санына жараша жайыт маселеси дагы чечилет. Коркпостон үйдө канча мал, канаттуу, үй жаныбарлары бар болгон болсо, баарынын так эсебин айтуу керек”,-деди ал.