Былтыр Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 16 млрд долларды түздү

Экономика Загрузка... 10 Февраль 2025 13:41
yivk9kpTURBXy8xZTllZjRmZDk1OGMxNTQ1ZTdkYjMxYjhjNmQ4YWUyYi5qcGeSlQMAzKjNFQ_NC9iTBc0EsM0CWN4AAaEwAQ.jpg
copyright icon www

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. 2024-жылдын январь-декабрында Кыргыз Республикасынын товарлары менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 16 миллиард АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 0,9%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева брифингде билдирди.

Анын айтымында, ошол эле учурда экспорттук жеткирүүлөр 13,1%га өскөн, ал эми импорттук көрсөткүчтөр тескерисинче, 2,4%га кыскарган.

Ал 2024-жылдын январь-декабрында ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара сооданын көлөмү дээрлик 5,0 миллиард АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 8,5%га өскөнүн кошумчалады.

Бул мезгилде республикалардын ортосундагы өз ара сооданын эң чоң үлүшү Россия менен – 71,2% жана Казакстан – 26,8% болгон.