Былтыр Кыргызстанда канча түшүм жыйналды – статистика

Экономика Загрузка... 31 Январь 2025 11:25
2657eb25-f2bc-4c71-b2ed-0b64cf6d2760.original.jpg
copyright icon www

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо иштери аяктады.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2024-жылдын аягында 599,5 миң гектар аянттан дан эгиндери жыйналды. Чабылган аянттан 2,1 миллион тонна дан бастырылды (тазалангандан кийинки салмак боюнча буурчак, күрүч жана гречканы кошпогондо), бул өткөн жылга салыштырмалуу 28,4%га көп.

Ал эми, дан эгиндеринин орточо тушүмдүүлүгү гектарына 35 центнерге жакын болду.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу арпанын дүң жыйымы бир топ көбөйүп - 59,9% ды түздү, буудай - 51%, кант кызылчасы - 54,2%, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 24,1% жана дарбыз - 19,2%га өскөн.

Өндүрүштүн көбөйүшү арпанын түшүмдүүлүгүн гектарына 8,9 центнерге, буудайдыкы 8,6, кант кызылчасы 237,1, коон-дарбыз 19,1 жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн гектарына 5,5 центнерге көбөйдү.

Мында тамекинин дүң жыйымы 32,9%, пахта 27%, картошка 7,5%га кыскарган. Дүң түшүмдүн азайышы өткөн жылга салыштырмалуу 2024-жылдын түшүмү үчүн себилген аянттын: тамеки аянты 42,0%га, пахта аянты 26,9%га, картошка аянты 8,4%га кыскарганына байланыштуу.