Былтыр "Чакан ГЭС" ААК электр энергиясын өндүрүүдө жылдык планды ашыгы менен аткарды

Экономика Загрузка... 04 Март 2025 12:44
WhatsApp Image 2025-03-04 at 09.09.14 (1).jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. 2024-жылы "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому электр энергиясын өндүрүүдө жылдык планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары Таалайбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, негизинен 2024-жылы “Чакан ГЭС” АККнын электр энергиясын өндүрүү планы 178,2 млн кВт саат болуп белгиленген. Жыл жыйынтыгы боюнча электр энергиясын өндүрүү ашыгы менен аткарылып, 183,4 млн кВт саатты түзгөн.

“Бул пландалган көлөмдөн 3% же 5 млн кВт саатка көп. Электр энергиясынын негизги бөлүгүн жалпы орнотулган кубаттуулугу 29,8 МВт болгон 8 гидроэлектростанциядан турган Аламүдүн кыркалары өндүрөт. Алардын ичинде Быстровка ГЭСинин кубаттуулугу 8,7 МВт, Бала-Саруу ГЭСи 25 МВт, ал эми БСР ГЭС-5 ФЭСинин кубаттуулугу 0,1 МВт түзөт”,-деди ал.

Ал кошумчалагдай, 2023-жылга салыштырмалуу, өндүрүштүн көлөмү 50,1 млн кВт саатка өскөн.

“2023-жылы 133,3 млн кВт саат электр энергиясы өндүрүлгөн”,-деди Мамбеталиев.