Былтыр Бишкектеги ишканалар 88,8 млрд сомдук өнөр жай продукциясын өндүрдү

Коом Загрузка... 27 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева — Кабар/. 2024-жылдын январь-декабрь айларында Бишкек шаарынын ишканалары тарабынан 88,8 миллиард сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 20,6 миллиард сомго көп. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков коллегияда билдирди.

Анын пикиринде, 2024-жылы экономикалык өсүш экономиканын дээрлик бардык тармактарында байкалды.

"Былтыр республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүндө Бишкек шаарынын үлүшү 1,1%га өсүп, 15,2%ды түзгөн. Бул 2023-жылдын ушул мезгилинде 14,1%ды көрсөткөн", - деди ал.

Ошондой эле Мирланбек Байгончоков 2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Бишкек шаарында 12 ишкана модернизацияланып, ишке киргизилгендигин белгиледи.

"Борбор калаада эки ири өнөр жай ишканасы ачылды. Бирөө Евразия экономикалык биримдигинин жана Дүйнөлүк соода уюмунун бардык эл аралык талаптарына жооп берген SHACMAN сериясындагы оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы унааларды жыйноо боюнча эң ири "ТНК Шумкар" ААКсы жана дагы бири "Снэк Фудс" ЖЧКсы. Ал Борбордук Азиядагы тез даярдалуучу азыктарын өндүрүү боюнча ири ишканалардын бири", - деп кошумчалады мэрдин биринчи орун басары.