Ташкент, 04.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Быйыл Өзбекстан 5,2 млн адамды жумуш менен камсыз кылып, 1,5 млн адамды жакырчылыктан чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы астында өткөн жумуш менен камсыздоо жана инвестиция тартуу маселелерине арналган жыйында айтылды, деп билдирет өлкө башчынын маалымат кызматы.
Жыйында ошондой эле 42 млрд долларлык чет элдик инвестиция тартуу жана экспортту 30 млрд доллардан ашуунга жеткирүү милдети коюлган.
Жыйында жакырчылыкты азайтуу үчүн 32 тармакка жаңы ыкмалар киргизилип жатканы айтылды. Жакында министрликтердин, акимчиликтердин адистеринен түзүлгөн топтор Кытайга барып, тажрыйба алмашып келишти. Эми калкка киреше алып келүү үчүн жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр түшүндүрүлөт.
Үстүбүздөгү жылы болжол менен 14 млрд долларга 8 миң долбоорду ишке ашыруу пландалып, 272 миң туруктуу жумуш орундары түзүлөрү айтылды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, өткөн айда Өзбекстанга 3 млрд долларлык чет элдик инвестиция келген. Февраль айында дагы ушундай эле көлөмдө инвестиция тартуу жана 623 долбоорду ишке киргизүү пландалууда. Жолугушууда долбоорлор боюнча максаттуу иш алып баруу жана темпти бир кыйла жогорулатуу зарыл экендиги баса белгиленди.
Расмий маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери экспорттун көлөмү 1,3 млрд долларга жетти. Жооптуу адамдарга чет элдик өнөктөштөр менен кызматташууну түзүү, ишкерлердин тышкы рынокко чыгуусуна колдоо көрсөтүү жана жаңы ишканаларды экспорттук ишмердүүлүккө тартуу тапшырмасы берилди.