Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Президенттин тапшырмасы менен Кыргызстандын быйылкы Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чаралар Жалал-Абад облусунда өткөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти
Мындай чечим, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон сапарынын алкагында облусту өнүктүрүү боюнча жыйында белгилүү болду.
Жыйындын жүрүшүндө масштабдуу майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү маселелери талкууланып, программанын долбоору сунушталды. Быйыл Жалал-Абад облусунда эгемендүүлүк күнүнө карата 30 дан ашуун ишкана жана социалдык инфраструктуралык обьекттерди ачуу пландалууда.
Отурумдун соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөнүн эгемендүүлүк күнүн майрамдоону жогорку деңгээлде өткөрүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик жана чет элдик инвесторлорго көмөк көрсөтүү социалдык-экономикалык өнүгүү жана башка маселелери боюнча бир катар тапшырмаларды берди.