Быйыл Бишкекте жол түйүндөрүнүн жана көпүрөлөрдүн курулушу башталат

Коом Загрузка... 04 Февраль 2025 16:00
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев “Кабар” агенттигине борбор калаадагы жол инфраструктурасынын жакшыртылышы жана 2025-жылга карата коюлган пландар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, мэрия 2024-жылдын декабрь айында шаардын ар кайсы аймактарында 21,7 чакырым жолдун катмарын реабилитациялоо иштерин аяктаган.

Жол оңдоо иштери төмөнкү көчөлөрдө жүрдү:

  • Чүй проспектиси Манас проспектисинен Т. Айтматов көчөсүнө чейин – 3,1 км;
  • Байтик баатыр – Ю. Абдрахманов көчөсү А. Масалиев проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейин – 6,1 км;
  • И. Ахунбаев көчөсү Ч. Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин – 2,1 км;
  • М. Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин – 4,0 км;
  • Б. Юнусалиев көчөсү Сухэ-Батор көчөсүнөн М. Горький көчөсүнө чейин – 3,2 км;
  • Жибек-Жолу проспектиси Курманжан датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин - 3,2 км.

2024-09-16_19-47-14_751528.original.jpg

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө иштер толугу менен аяктап, жол кыймыл үчүн ачык.

“Бүгүнкү күндө Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки тилкеде жол салуу иштери аяктап, жол сызыктары чийилип, жол белгилери орнотулуп, жол ачык. Бул тилке 2025-жылга карата Титулдук тизменин долбооруна өтүүчү объект катары киргизилген”, - деди мэрдин орун басары.

2693182.f7c29a56f93dd76b3157aa25a3f8ae5a.original.jpg

Мындан тышкары, Бакаев көчөсүнүн Л.Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө (I этап) жол салуу иштери жүрүп жатат. Бул тилке дагы 2025-жылдын Титулдук тизмесинин долбооруна өтүүчү объект катары кошулган.

2666912.64dff509f0f90286e20bb60ef2cd2b3e.original.jpg

“Жалпысынан 57 жолдун 52си капиталдык оңдоодон өтүп, 93,7%ды түздү, ошондой эле 26 тротуардын 23ү капиталдык оңдоодон өтүп, 87,4%ды түздү”, - деп белгиледи Ырсалиев.

1682497945.original.jpg

Мындан тышкары, мэрдин орун басары Кытай Эл Республикасынын “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” (3-фаза) гранттык долбоорунун алкагында Бишкек шаарында 2 транспорттук түйүндү 7-Апрель менен Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде жана Л. Толстой менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде куруу пландалууда. Алдын ала сметалык наркы 220 000, 0 млн юань.

2025-01-27_14-43-49_318912.original.jpg

“Куруу иштери быйыл башталат. “Бишкекбашкыархитектура” 2024-жылдын 29-октябрында аталган түйүндөр боюнча мурда берген архитектуралык-шаар куруу корутундусуна ылайык иштелип чыккан концепцияны жокко чыгарды жана жаңы концепцияны иштеп чыгууну сунуштаган. Учурда жаңы концепция “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинде макулдашууда”, - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, Ырсалиев Кытайдын гранттык каражатынын эсебинен “Бишкек шаарына транспорт түйүндөрүн куруу” долбоорунун алкагында болжолдуу баасы 336 000, 0 млн юань акча каражатына төмөндөгү даректерге 2 транспорттук түйүн куруу пландалып жатканын айтты:

  • Л. Толстой – Фучик көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Жибек Жолу – Фучик – Профсоюз көчөлөрүнүн кесилиши.
356801.original.jpg

Ошондой эле 2025-жылы 3 көпүрөнү куруу пландалууда. Мында Жибек Жолу проспектисиндеги Аламүдүн дарыясына, Шүкүров көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына жана Ауэзов көчөсүндөгү ЖЭБ (ТЭЦ) каналына көпүрө курулат.