Быйыл Бишкекте жер мунапысы боюнча иштер аяктайт

Коом Загрузка... 27 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева — Кабар/. Быйыл Бишкекте жер мунапысы боюнча иштер аяктайт. Бул тууралуу мэрдин орун басары Азамат Кадыров мэриянын коллегиясында билдирди.

Маалыматтар боюнча, административдик-аймактык реформанын алкагында Сокулук жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрацияларына жарандардан 18 миң 219 арыз келип түшкөн.

Жерлерге мунапыс берүү боюнча комиссиянын 25 отуруму өткөрүлүп, 6298 арыз каралып, жыйынтыгында 2130 оң чечим чыгарылган. Ал эми 3574 материал "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесине жерге жайгаштыруу схемаларын жана жер тилкелеринин долбоорлорун даярдоо үчүн жөнөтүлгөн.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаада жер мунапысы боюнча иштерди өз убагында бүтүрүү керектигин белгиледи.