Быйыл Бишкекте 3 көпүрө, 4 жаңы жол салынат. Мэриянын пландары

Коом Загрузка... 27 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева — Кабар/. Быйыл борбор калаада жол-транспорт инфраструктурасы жаатында бир катар пландар жүзөгө ашырылат. Бул туурасында Айбек Жунушалиев мэриянын коллегиясында кеңири токтолуп, аткарыла турган иштерди тизмектеди:

- үч жаңы көпүрөнү куруу (Шүкүров, Ауэзов, Жибек Жолу көчөлөрүндө);

- 3 эстакадалык транспорт түйүнүн куруу;

- шаардын 8 борбордук көчөсүн реконструкциялоо;

- 4 жаңы жол салуу;

- 95 даана 12 метрлик газ автобустары жана 120 даана электроавтобустар келет;

- Кустанай көчөсүндөгү №1 автобаза реконструкцияланат;

- №1 автобазага электр кубаттоочу станция орнотулат.