Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Быйыл Баткен облусунда үч стадиондун курулушу башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФБ президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов иш сапары менен Баткен облусуна барып, жаңы дайындалган президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, аймактык футбол ассоциациясынын президенти Айбек Шаменов менен жолугушту.
Ошондой эле КФБ өкүлдөрү иш сапардын жүрүшүндө Баткен облусунда курула турган стадиондордо иштердин жүрүшү менен таанышып, Баткен, Кызыл-Кыя, Раззаков шаарларынын мэрлери жана курулуш иштерине тиешелүү уюмдардын адистери менен жумушчу жыйын өткөрдү.
Быйыл өлкөдө 20га жакын футбол объектисинин курулушу жана реконструкциясы пландалууда. Анын ичинде Баткен облусунда 3 стадион куруу каралган.
Ошондой эле жергиликтүү клубдардын машыктыруучулары менен жолугушуу болду. Анда клуб өкүлдөрү жана машыктыруучулар менен 2025-жылкы футбол сезонуна болгон даярдыктар, жаңы форматтар, анын ичинде 2026-жылкы сезонго Премьер-лигага жергиликтүү клубдарын даярдоо боюнча маселелер каралды.