Быйыл "Балдар үчүн ишеним телефонуна" кайрылуулардын саны өстү

Коом 10 сентябрь 2026 11:35
Быйыл "Балдар үчүн ишеним телефонуна" кайрылуулардын саны өстү
copyright icon WWW

Бишкек, 10.09.26 /Кабар/. 2026-жылдын сегиз айында "Балдар үчүн ишеним телефону 111" кызматына 5 миң 737 кайрылуу түшүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик үч эсеге өстү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Жалпы 49 миң 511 телефон чалуу катталган. Кайрылуулардын 1 миң 221и балдардан, 4 миң 516сы чоңдордон түшкөн.

Кайрылуулардын 4 миң 958и боюнча консультация жана сунуштар берилип, 561 адамга психологиялык жардам көрсөтүлгөн. Дагы 218 кайрылуу тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлгөн.

Жарандар көбүнчө социалдык жардам маселеси боюнча кайрылышкан — мындай кайрылуулардын саны 3 миң 28ди түзгөн. Кайрылуулардын эң көбү Бишкек шаарынан — 1 миң 269, Жалал-Абад облусунан — 558 жана Чүй облусунан — 544 түшкөн.