Буту сынган. ӨКМдин кызматкерлери Алайда тоодон кулап кеткен өспүрүмдү куткарышты

Аймак Загрузка... 28 Апрель 2025 11:08
copyright icon www

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Ош облусунун Алай районунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тоодон кулап кеткен өспүрүмдү куткарып калышты.

Ведомстводон билдиришкендей, 26-апрелде чакыруу түшүп, окуя болгон жерде 17 жаштагы бала тоодон кулап, бутун сындырып алганы, андан сырткары башынан жаракат алганы белгилүү болгон.

Жабырлануучуну тоодон түшүрүүгө ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнөн 3 куткаруучу жардам көрсөтүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.