Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. Бул жумада Бишкекте ысык аба ырайы өзгөрүлүп турат, мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
9-июнда:
Күндүз – ала булут каптап, абанын табы +34…+36 градуска чейин көтөрүлөт, жаан-чачын күтүлбөйт.
10-июнда:
күндүз – күн күркүрөп, өткүн өтөт, абанын температурасы +31…+33 градус ысыйт. Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, +20…+22°C болот.
11-июнда:
Күндүз – ала булут каптайт, жаан-чачын күтүлбөйт, +31…+33°C.
Түндө – ала булут каптап, абанын температурасы +18…+20 градус ысыйт.
12-июнда:
Күндүз – күн ачык болот, күндүн табы +33…+35 градуска жетет.
Түндө – +18…+20 градус жылуу болот.
13-июнда:
Күндүз – күн күркүрөп, жаан жаайт , абанын температурасы +31…+33° градус ысык болот.
Түндө – ала булут каптап, абанын теспературасы +19…+21градус болот.
14-июнда;
Күндүз – өткүн өтүп, абанын табы +31…+33 градусту түзөт.
Түндө – ала булут каптап, жаан жаашы күтүлөт, абанын температурасы +18…+20 градус болот.
15-июнда:
Ккүндүз – ала булут каптап турат, абанын табы +32…+34° градуска жетет.
Түндө – жаан-чачын күтүлбөйт, абанын теспературасы +17…+19 градусту түзөт.
Белгиленгендей, жаан-чачынга карабастан абанын температурасы апта бою, өзгөчө күндүзү жогорку деңгээлде сакталат.