Бухарада II Азия айымдар форуму өтүп, декларация кабыл алынды

Жогорку Кеңеш 1220 15 Май 2026 11:45
699096941_1293704986276054_8341696092685113992_n (1).jpg
700096722_1293705082942711_8347874293053585397_n.jpg
700092159_1293705079609378_7050518233599800621_n.jpg
700015019_1293705042942715_3251074592634174897_n.jpg
699946864_1293704982942721_3461382483768597969_n.jpg
699954233_1293704952942724_9146866136335861255_n.jpg
Алдыга
Артка
699096941_1293704986276054_8341696092685113992_n (1).jpg
700096722_1293705082942711_8347874293053585397_n.jpg
700092159_1293705079609378_7050518233599800621_n.jpg
700015019_1293705042942715_3251074592634174897_n.jpg
699946864_1293704982942721_3461382483768597969_n.jpg
699954233_1293704952942724_9146866136335861255_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Бухара шаарында “Айымдарга инвестиция салуу – туруктуу өсүштүн негизи: айымдардын саясий, экономикалык, социалдык жана экологиялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аталышындагы II Азия айымдар форуму өттү.

Жогорку Кеңештен маалымдашкандай, иш-чарага парламент төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы жана депутат Эркеайым Сейтказиева катышты.

Форумда Жылдыз Таалайбек кызы 2024-жылы Самарканд шаарында өткөн биринчи Азия айымдар форуму айымдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө байланышкан маселелерди илгерилетүүгө негиз болгонун белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан гендердик маселелер боюнча кабыл алынган бардык эл аралык документтерде камтылган баалуулуктарды, анын ичинде БУУнун айымдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө Конвенциясын, Пекин декларациясын жана Иш-аракеттер платформасын колдой турганын кошумчалады.

Мындан тышкары, ал Кыргызстан өткөн жылы жайында Женева шаарында бир добуштан кабыл алынган БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин “Айымдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча аракеттерди күчөтүү” аттуу туруктуу резолюциясынын демилгечиси болгонун билдирди.

“Кыргызстан айымдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү социалдык адилеттүүлүктүн гана эмес, инклюзивдүү өсүштүн, жакырчылыкты кыскартуунун жана туруктуу өнүгүүнүн негизги фактору катары карайт”, – деди төраганын орун басары.

Ал эми депутат Эркеайым Сейтказиева форумда “Айымдардын коомдук жана мамлекеттик башкарууга, ошондой эле саясий чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусун кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери” аттуу биринчи панелдик сессияда баяндама жасады.

“Бүгүнкү күндө айымдардын мамлекеттик башкарууга жана саясий чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун кеңейтүү маселеси жөн гана актуалдуу эмес, мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ”, - деп белгиледи эл өкүлү.

Ошондой эле ал Кыргызстандагы шайлоо мыйзамдарын реформалоо жана мамлекеттик кызмат тармагындагы гендердик тең салмактуулукту эске алган системалуу өзгөрүүлөр тууралуу кыскача айтып берди.

II Азия айымдар форумунун жыйынтыгында Азия аймагындагы айымдардын билим берүү, илим, саясат, экономика жана коомдук турмуштагы ролун чыңдоого, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган Бухара декларациясы кабыл алынды.