Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров Европалык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссарынын саясий кеңешчиси Петер Надерер, ошондой эле ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун кеңешчилери Елена Ковалева жана Каха Инаишвили менен жолугушту.
Жолугушууда шайлоо системасын жакшыртуу жана жарандардын шайлоого болгон ишенимин арттыруу боюнча негизги маселелер каралды.
ЕККУ өкүлдөрү жолугушуунун уюштурулушуна, Борбордук шайлоо комиссиясынын ишинин ачык-айкындуулугуна жана жеткиликтүүлүгүнө, бардык маселелерди эч кандай тоскоолдуксуз талкуулоого даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар ошондой эле БШКнын жаштарды шайлоо процессине тартуу боюнча маалыматтык-түшүндүрмө иштеринде биргелешип иштөөгө даярдыгын белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга даяр экендиктери айтылды.