Бишкек, 18.03.26 /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында бош мандаттарды берүү тууралуу токтомдун негизинде төмөнкү талапкерлер Жогорку Кеңештин депутаттары деп таанылды:
- Улугбек Ормонов — №10 бир мандаттуу шайлоо округу;
- Мавлюда Калбердиева — №11 бир мандаттуу шайлоо округу;
- Бактыбек Чойбеков — №17 бир мандаттуу шайлоо округу;
- Алтынкүл Мурзакимова — №29 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча.
Жаңы депутаттар каттоого алынып, аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр жана төш белгилер берилди.
Эскерте кетсек, буга чейин Курманкул Зулушев, Шайырбек Ташиев, Нурланбек Азыгалиев жана Гүлсүнкан Жунушалиева өздөрү берген арыздын негизинде мандаттарын тапшырышкан.