Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Канча депутат арыз жазат, чынында билбейм. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, Боршайкомго Элдар Сулаймановдон мандатын тапшыруу боюнча арыз түшкөн. Ага ылайык, бүгүн депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
"Элдар Сулайманов кечээ кечинде өз ыктыяры менен кетүү боюнча арызын жазып кеткен. Арызды менин орун басарым Айдана Жупуева кабыл алды. Бул депутаттын өз укугу. Биздин “эмнеге кетип жатасың” деп сураганга укугубуз жок. Башка канча депутат арыз жазат экенин чынында билбейм”, - деди ал.