БШК депутат Гүлшаркан Култаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Жогорку Кеңеш Загрузка... 18 Февраль 2025 16:12
2380862.19ac09bdc1820703b5d7d471e2.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Бүгүн Боршайком Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

БШКдан билдиришкендей, мындай чечим депутаттын жеке арызынын негизинде кабыл алынды.

Гүлшаркан Култаева “Ата Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан парламентке шайланып келген.