Бишкек, 30.01.25. / Кабар/. "Босого" борбору ачылгандан бери туризм жаатындагы 80 миңге жакын суроого жооп берди.
Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, аталган борбор ачылган, 2022-жылдын 1-ноябрынан бери 22 804 консультация берип, байланыш борбору 79 439 телефон чалууга жооп берди.
Белгиленгендей, «Босого» борбору күнү-түнү, телефон жана мессенджерлер аркылуу акысыз консультациялык колдоо көрсөтөт. Маалымат пункттары «Манас» жана «Ош» аэропортторунда, ошондой эле «Достук» өткөрүү пунктунда иштейт.
Жакында «Ак-Жол» өткөрүү пунктунда дагы маалымат пункт ачылат.
Эске салсак, борбор туристтик маршруттар, транспорт, жатакана, автоунааларды ижарага алуу, визалар жана банк карталары боюнча актуалдуу маалыматтарды сунуштоо менен өлкөгө келген коноктордо оң таасир калтырууда негизги ролду ойнойт. Консультациялар кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилет.
Белгилей кетсек, “Босого” жөн гана маалымат борбору эмес, кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан каада-салттарын сактап, туристтерди жылуу жана камкордук менен тосуп алган Кыргызстандын чыныгы меймандостук пункту.
"Босого" байланыш борбору:
Телефон: +996 (755) 007000 (MegaComдон чалуулар акысыз)
WhatsApp, Telegram: +996 (755) 007000
Маалымат үчүн: Борбордун «Босого» деген аталышы кыргыз тилинен алынып, кыргыз элинин меймандостугун билдирет. Долбоор туристтерге өлкө боюнча оңой жүрүүгө жана бул жерде өзүн үйдөгүдөй сезүүгө жардам берүү үчүн түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Босого Кыргыз Республикасынын бардык коноктору үчүн ишенимдүү маалымат өнөктөшү болуп калууда.