Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. 19-мартта Бишкекте абанын максималдуу температурасы +26,4° болуп, 1974-жылдагы +25,8° болгон рекорддук көрсөткүчтөн ашкан.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, узакка созулган аномалдуу жылуу жана кургак аба ырайынан кийин 24-26-мартта аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаап, абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдордо тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Мындай аба ырайы жолдордун абалын начарлатып, алыскы жайыттарда мал кармоону, автотранспорттун, байланыш ишканаларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.