Бишкекте таштандыга карызын төлөбөгөндөргө рейд жүрүүдө

Коом Загрузка... 05 Февраль 2025 12:34
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Бишкекте карызы бар абоненттерге карата рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир нече жылдан бери таштанды үчүн карызын төлөбөгөн абоненттердин үйлөрүн кыдырып чыгууда.

Кызматкерлер, карыз болгон абоненттердин үйлөрүнө атайын стикерлерди жабыштырып жатат.

Белгилей кетсек, азыркы учурда жеке жана юридикалык жактардын «Тазалык» ишканасына төлөй турчу карызы 200 миллион сомдон ашкан.