Бишкек, 23.12.25 /Кабар/. Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентттигинин Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов “Кабар” агенттигине билдиргендей, бул чемпионат өлкөнүн жаңы улуттук курама командасын түзүү максатында өткөрүлүүдө.
“Мелдеш күн мурун башталган. Чемпионаттан утуп чыккандардан турган жаңы курам түзүлүп, алдыда боло турган Азия жана дүйнө чемпионаттарына даярдык башталат”, - деди Тобокелов.
Ал кошумчалагандай, күн мурун 5 категория боюнча мелдештер өттү. Жыйынтыгында 55, 63, 72, 82 жана 97 кг салмак категориялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.