Борбор калаада 12 жаңы автобус каттамы ишке кирет

Коом Загрузка... 25 Март 2025 17:03
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Султан Досалиев

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Бишкекте 12 жаңы автобус каттамы ишке киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев президент Садыр Жапаров менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, президенттин колдоосу менен 1000 автобус сатып алынды, бул борбор калаанын коомдук транспорт паркын толугу менен жаңылоого мүмкүндүк берди. Транспорт системасын андан ары өнүктүрүүнүн алкагында 12 жаңы каттамдарды түзүү, акылдуу жол кыймылын башкаруу системасын киргизүү жана заманбап алмаштыруу түйүндөрүн куруу пландаштырылууда.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн шаар мэринин шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери жана шаар инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер тууралуу маалыматын укту. Жолугушуунун аягында Президент Садыр Жапаров бардык пландаштырылган иш-чаралардын аткарылышынын мөөнөттөрүн катуу көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.