Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери "Формула-1" жарышын көрүүгө келди

Спорт Жүктөлүүдө... 01 Август 2026 12:00
ппп.webp
copyright icon Кабар

Ысык-Көл, 01.08.26. /Кабар/. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери суудагы “Формула-1” эл аралык жарышын көрүүгө келишти.

Бүгүн негизги жарыштар өтөт, анда спортчулар абройлуу турнирде жеңиш үчүн күч сынашат.

Белгилей кетсек, 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө Борбор Азияда биринчи жолу F1H2O боюнча дүйнөлүк чемпионаттын этабы өтөт. Мелдешке дүйнө жүзүндөгү эң мыкты пилоттор катышат.

Күн мурун, 31-июлда алгачкы машыгуулар болуп, спортчулар негизги жарыштардын алдында трасса менен таанышып, жабдууларын сынап көрүштү.