Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү "Эдельвейс" тоо окуу-машыгуу борборунда Кыргызстандын жана Россиянын аскер кызматчылары катышкан "Борбор-2026" биргелешкен тактикалык окуу-машыгуусу жыйынтыкталды.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, машыгуу 11-17-август күндөрү өтүп, ага 500гө жакын аскер кызматчысы, 100гө чейин аскердик техника жана курал-жарак, ошондой эле дрондор жана армиялык авиация тартылды.
Окуу-машыгуу учурунда аскер кызматчылары бөлүктөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, башкаруу көндүмдөрүн өркүндөтүү жана курал-жарак менен техниканы колдонуу боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты.
"Машыгуунун жүрүшүндө коюлган бардык тапшырмалар аткарылып, өзгөчөлөнгөн аскер кызматчылары медалдар жана баалуу белектер менен сыйланды",-деп айтылат маалыматта.