Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Бүгүнкү Кыргызстандын өнүгүсүүндөгү жетишкендиктерди 30 жыл бою дүйнөлүк лидер мамлекет Кытай көрсөтүп келген деп айтып берди саясий жана коомдук ишмер Зайнидин Курманов “Кабар” маалымат агенттиги менен болгон маегинде.
“Өлкөбүздө көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөр болуп жатат. Баары кыймылга келгендей. Шаар абдан тез оңдолуп жатат, жолдор оңдолуп, жаңылары курулууда. Өлкөдө ири курулуштар жүрүүдө. Экономикалык процесс кызуу журуп жатат. Билим берүү, илим тармактарында социалдык маселелер чечилип жатат. Өлкөдө каражат пайда болду, алар учурдагы негизги көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалып жатат.
Кыргызстанда мурунку жылдары мындай динамика, мындай кыймыл, мындай жогорку өнүгүү темпи болгон эмес. Бул айдан ачык нерсе. Эки- үч жыл катары менен ИДП 9 пайыз деңгээлинде турат. Дүйнөлүк лидер өлкө Кытайда 30 жыл бою 10 пайызды көрсөтүп келген. 9,10 пайыз деген эмне? Бул ар бир 10 жылда экономика эки эсеге өсөт дегенди билдирет. Биз 7 пайыздык өсүү максатын койгонбуз. Андай көрсөткүчкө жетишүү өтө сейрек болчу. Экономикабыз араң 1пайыз, жана 2 пайызга эптеп жетчү. 3 пайыз эң жогорку көрсөткүч болчу. Мисалы, АКШ сыяктуу гиганттык экономикалары бар өлкөлөрдө 2 пайызга жетүү алар үчүн көп. Бирок биздин өлкө үчүн 4 пайыз болсо да, биз бир орунда тургандай болот. Себеби, биздин экономикабыздын көлөмү кичине.
Убагында баары сатылып, уурдалып, чөнтөктөргө салынган. Ошондуктан эч кандай кыймыл болгон эмес. Коррупцияга, мыйзамсыз менчиктештирүүгө катышкандардын баары ошол мүлктөрдү жөн эле басып жатышкан. Анткени, алар эч нерсе баштай албай, өндүрүштү уюштура алган эмес. Булар негизинен чиновниктер болгон. Ошентип, алар ит бекер алган мүлтөрдүн баасы көтөрүлүп, аларды үч-төрт эсе кымбат сатылышын күтүп жатышты. Мына ушундай бизнестин түрү менен алектенишкен.
Азыр динамика өзгөрүп, ишкерликти мыкты түшүнгөн, бизнестин жүргүзүү жолдорун билген бизнесмендер пайда болду. Реформа кылгысы келген жана жигердүү реформаларды жүргүзүп жаткан бийлик бизнестин кызыкчылыгын, жарандык коомдун кызыкчылыгын, калктын кызыкчылыгын көздөп жаткан мезгил келди. Бийликтин менен бизнестин ортосунда түшүнүү пайда болду. Жалпысынан алганда, бардыгы өнүгүү векторуна дал келди.
Азыр биз кызматташуунун, өз ара аракеттенүүнүн, өз ара жардамдашуунун стадиясында турабыз. Албетте, кээ бир көйгөйлөр бар, аны чечүү үчүн мамлекеттин акчасы жетишсиз. Бир дагы мамлекеттин акчасы бардыгына жетпегендиктен, кандайдыр бир инвестиция дайыма тартылчу. Азыр чет элдик инвестициялар мурдагы жылдардагыдай татаал эмес.
Азыр тескери ички инвестицияны тартуу маселеси курч турат. Кыргыздардын жашоо-турмушу оңолүп , соода-сатык менен байыган адамдар көбөйгөн. Бирок алар акчаларына мүлктөрдү сатып алышат. Муну мен ысырапчылык деп көрөмүн. Мүлктөр көп дивиденд алып келбейт. Экономика инвестицияга муктаж. Мына ошол ишкерлердин тапкан чоң акчаларга муктаж.
ИДП биринчи жолу 2 миң доллардан жогору өстү. Бул рекорддук көрсөткүч. Бул акчаны пайыздык үстөк менен өнүктүрүүгө салса болот. Ошондо эл да байыйт, мамлекет да байыйт. Кыргызстан кайырчылык жасаганды токтотту. Бүгүнкү күндө биздин мамлекет өнөктөш катары иш алып барууда. Мунун бары бүгүнкү бийлик жүргүзүп жаткан саясаттын натыйжасы. Тажрыйба көрсөткөндөй, биз туура жолдо баратабыз. Мындай жолду убагында Япония, Түштүк Корея, Сингапур, Малайзиялар басып өтүшкөн.
Мен өткөндө Казакстанга барып келдим. Казахстандыктар биздин алдыга секирик жазаганыбызга таң калышты. Мен аларга биз азыр реформаларды акылмандык менен жүргүзүп жатабыз деп айттым. Башкача айтканда, биз өзүбүздүн, чет элдик донорлордун, өнөктөштөрдүн, кошуналардын мүмкүнчүлүктөрүбүздү эске алып, кызматташып жатабыз.
Биз “алма бышып оозубузга түшкөнүн” күтпөй, биргелешкен долбоорлорду түзүп, аларды өзүбүз активдүү ишке ашырып жатабыз. Биз айланабыздагы кырдаалды өзгөртүп, өзүбүз да өзгөрүп, өлкөнү да өзгөртөбүз жатабыз дедим”,- дейт Зайнидин Курманов.