Бишкектин көчөлөрүн жарыктандыруу иштери уланууда

Коом 817 21 Февраль 2025 12:23
1740113001.original.jpg
1740113005.original.jpg
1740112983.original.jpg
1740112997.original.jpg
Алдыга
Артка
1740113001.original.jpg
1740113005.original.jpg
1740112983.original.jpg
1740112997.original.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы борбордун көчөлөрүн жарыктандырууну улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Жогорку Жал кичи районунда №95 мектеп гимназиясы жайгашкан Безымянная көчөсү жарыктандырылды.

Долбоордун алкагында 26 темир тирөөч жана ар бири 100 Вт кубаттуу чырактар орнотулуп, тармактын үзгүлтүксүз иштеши үчүн 500 метрден ашык өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) тартылды.

Белгилей кетсек, мурда бул жер караңгы болуп, окуучуларга жана райондун тургундарына ыңгайсыздык жараткан. Азыр мектептин айланасы жана анын айланасындагы көчөлөр коопсуз.

Муну менен катар, Магистралдык көчө да жарыктандырылып, анда 23 жарык орнотулган жана аларды туташтыруу үчүн 550 метр өзүн – өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) тартылган.

Белгилей кетсек, калаа башчысынын тапшырмасына ылайык, "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы жума сайын кеминде 1 көчөнү жарыктандырууну пландаштырган.