Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Бишкектин көчөлөрүнө эки күндө 572 тонна техникалык туз себилди.
"Тазалык" муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалап, туз себүү иштерин уланууда.
Белгилей кетсек, карды тазалоого «Тазалык» муниципалдык ишканасынын резервдери тартылган. Сапка 45 КДМ (комбинацияланган автотранспорт) агрегаты, 3 HOWO техникасы, 2 алдыңкы жүктөгүч жана щетка жана күрөктүү 22 «Беларусь» трактору, ошондой эле ишкананын 700дөй кызматкери киришкен.