Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Бишкек шаарында ышты азайтуу багытында жаңы конуштарды газдаштыруу маселеси көтөрүлүп, иштердин жай жүрүп жатышынын себептери талкууланды. Жыйында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана "Газпром Кыргызстан" компаниясынын өкүлү Арзымат Алдаяров депутаттардын бул багыттагы суроолоруна жооп беришти.
Мэрдин айтымында, Бишкекте расмий эсеп боюнча 105 жаңы конуш бар, ал эми "Газпром" компаниясынын маалыматына ылайык, алардын саны 122ни түзөт. Учурда конуштардын жарымынан көбү газдаштырылган, бирок калган бөлүгүндө иштерди тездетүү зарылдыгы айтылды.
"Биздин маалымат боюнча, Бишкекте 105 жаңы конуш бар, ал эми "Газпром" аларды бөлүп эсептеп, 122 деп көрсөтүүдө. Алардын жарымынан көбү бүгүнкү күндө газдаштырылган, иштер уланууда. Бирок бул маселени тездетишибиз керек. "Газпромго" талаптарды күчөтүп, жаңы конуштарды жыл сайын экиден, үчтөн гана кошпостон, толук газдаштырууга аракет көрүү зарыл. Азыркы темп менен иш узакка созулуп жатат", — деди Айбек Жунушалиев.
Ал белгилегендей, Бишкек шаарынын айланасындагы конуштарды газ менен жылытууга өткөрүү ыш көйгөйүн чечүүдөгү маанилүү багыттардын бири болуп саналат.
Депутат Улукбек Карыбек уулу да газдаштыруу иштеринин жүрүшүнө жана бул максатка каралган каражаттардын жетиштүүлүгүнө кызыкты.
"Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун газдаштыруу иштеринде жеңилдетилген насыялардын пайызын субсидиялоого 2027-жылга 25 млрд 800 млн сом каралыптыр. Бул каражат шаардын айланасындагы конуштарды газ менен камсыздоого жетеби?" — деп сурады депутат.
"Газпром Кыргызстан" компаниясынын өкүлү Арзымат Алдаяров газдаштыруу темпинин төмөндөшүнө эки негизги себеп бар экенин атады.
Анын айтымында, биринчи кезекте Кыргызстанга газ коңшу мамлекет аркылуу, мурда курулган бир магистралдык түтүк менен жеткирилет. Анын өткөрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, өткөн жылытуу сезонунда түтүк долбоордук кубаттуулугунун 115%ына чейин жүктөлгөн.
"Газдаштыруу боюнча иштердин көлөмү акыркы учурда бир аз төмөндөгөнүн моюнга алышыбыз керек. Биринчи себеп — техникалык чектөөлөр. Учурда газ Кыргызстанга коңшу мамлекет аркылуу, Советтер союзу убагында курулган бир газ түтүгү менен келип жатат. Өткөн жылытуу сезонунда анын долбоордук кубаттуулугу 115%га чейин пайдаланылды. Азыркы учурда анын өткөрүү мүмкүнчүлүгү жетишсиз болууда", — деди Алдаяров.
Ал белгилегендей, 2024-жылы Санкт-Петербургда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде коңшу мамлекеттин аймагында жаңы магистралдык газ түтүгү курулууда. Алдын ала план боюнча түтүк 2028-жылы толук ишке киргизилиши күтүлүүдө.
"Жаңы газ түтүгү толук кандуу иштей баштаганда Кыргызстанда газдаштыруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзүлөт. Азырынча ушул чектөөлөрдөн улам иштердин көлөмү азайтылды", — деди компаниянын өкүлү.
Ал эми экинчи себеп катары Бишкектин түндүк-батыш тарабындагы "Маловодная" газ бөлүштүрүүчү станциясын реконструкциялоо зарылдыгы аталды.
"Биз долбоордук иштерди аяктадык. 2027-жылы "Маловодная" газ бөлүштүрүүчү станциясын реконструкциялоо пландалууда. Анын сметалык баасы болжол менен 2,5 млрд сомду түзөт. 2027–2028-жылдары инвестициялык каражаттарды ушул станцияга жумшайбыз. Ал реконструкцияланмайынча газдаштыруунун көлөмүн мындан ары көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк чектелүү болот", — деп түшүндүрдү Арзымат Алдаяров.