Бишкектеги техникалык тейлөө борборунан чыккан өрттө 4 унаа күйүп кетти

Кырсык 2193 07 Март 2025 16:20
WhatsApp Image 2025-03-07 at 13.31.29.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-07 at 13.31.58.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-03-07 at 13.31.29.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-07 at 13.31.58.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Бишкектеги техникалык тейлөө борборунан чыккан өрттө 4 унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алма-Ата көчөсүндөгү техникалык тейлөө борборунан (СТО) чыккан өрт саат 15:15те чектөөгө алынып, саат 16:03тө толук өчүрүлдү.

Белгилей кетсек, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы №3 жана №2 өрт-куткаруу бөлүктөрүнөн жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.

Алдын ала маалымат боюнча өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн жана 4 унаа толугу менен күйүп кетти.

Жабыркагандар жок.