Бишкек, 27.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева — Кабар/. 2024-жылы муниципалдык менчикти ижарага берүүдөн салыктык эмес кирешелердин түшүүсү 7,2 млрд сомду түздү. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 5,9 млн сомго көп. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын коллегиясында айтылды.
Маалыматтарга ылайык, 775,5 млн сомдук жалпы аянты 14,7 гектар 12 жер тилкеси жана 364,2 млн сомдук 6 турак эмес жай муниципалдык менчикке кайтарылып берилген, жалпы аянты 28,95 гектар 3 жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды.
Ошондой эле жалпы суммасы 119,4 млн сомду түзгөн 106 аукцион өткөрүлдү.
Чогулган каражатка шаарга жаңы форматтагы 20 аялдама орнотулду. Дагы 63 аялдаманын курулушу аяктоо алдында турат.