Маданият жана искусство университетине “улуттук” макам ыйгарылды

Билим 25 март 2025 17:25
WhatsApp_Image_2025-03-25_at__QX78L7f.max-1920x1080.format-webp.webp
WhatsApp_Image_2025-03-25_at__Nihz0tu.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_2025-03-25_at__QX78L7f.max-1920x1080.format-webp.webp
WhatsApp_Image_2025-03-25_at__Nihz0tu.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети “улуттук” макамын алды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн кол койгонун университеттин фейсбук баракчасында жазылат.

Маалыматка ылайык, макам окуу жайдын өзгөчө позициясы жана өлкөнүн маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылган.

Белгилей кетсек, макамга ээ болуу менен университеттин ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну жакшыртуу боюнча каржылоону жана башка чараларды, анын ичинде анын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну билдирет.