Бишкектеги базарларда эттин баасы кандай болууда?

Коом Загрузка... 01 Февраль 2025
1104797.442496a1012802ab03e5c4a7e3188b05.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 01.02.25. /Кабар/. Ветеринардык кызматтын Бишкек шаардык башкармалыгын кызматкелери ишемби күнгө карата калаадагы ири базарларда эт азыктарынын баасына мониторинг жасады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, учурда эт азыктарынын кору жетиштүү. Эттин дүң баасы төмөнкүдөй:

Ош базарында:

уй эти - 530-570 сом;
жылкы эти - 500-550 сом;
кой эти - 500-580 сом.

Аламедин базарында:

уй эти - 480-535 сом;
жылкы эти - 500-550 сом;
кой эти - 535-560 сом.

Орто-Сай базарында:

уй эти - 550-570 сом;
жылкы эти - 500-550 сом;
кой эти - 500-550 сом.