Бишкектеги №91 мектептин 750 орундуу жаңы корпусу курулду

Коом 13 октябрь 2026 12:05
845942043_1616862206579489_7041834913747139878_n.jpg
846594305_1616862269912816_6896587134975544161_n.jpg
846594306_1616862286579481_4437911890696155083_n.jpg
846738232_1616862196579490_5079061575047924591_n.jpg
846966137_1616862256579484_4261980267582120309_n.jpg
847571647_1616862306579479_1437988876256960240_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Бишкектин Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин 750 орундуу жаңы корпусунун курулушу аяктоо алдында турат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган курулуш иштери быйыл март айында башталган. Үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 8 миң 234 чарчы метрди түзөт.

Жаңы корпуста окуу класстарынан тышкары лабораториялык жана компьютердик кабинеттер, китепкана, ашкана, медициналык кабинет, спорт жана жыйындар залдары каралган. Учурда ички-сырткы жасалгалоо жана аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Имарат пайдаланууга берилгенден кийин мектепте эки нөөмөт менен 2 миңге жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.