Бишкекте Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу аскердик парад өтөт

Коом Загрузка... 07 Май 2025 17:52
WhatsApp Image 2025-05-06 at 13.19.01.jpeg
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 07.05.25. /Кабар/. Эртең, 8-майда, КР президенти – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Ала-Тоо борбордук аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу аскердик парад өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын маалыматына ылайык, өчпөс отко гүлчамбар коюу, салтанаттуу парад УТРК, республикалык жана облустук телеканалдар, социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу түз алып көрсөтүлөт.

Түз эфирдин башталышы — 9:30.