Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Бишкек шаарында №33 жаңы автобус каттамы ишке кирди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 30-январдан тарта газ менен иштеген өзбек өндүрүшүнүн Isuzu үлгүсүндөгү автобустары линияга чыкты.
Белгилей кетсек, автобус темир жол станциясынан Ош базарына чейин каттайт.
![1738154318.jpg](/media/images/1738154318.width-800.jpg)