Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Бишкекте өспүрүмдөр арасында футзал боюнча шаар биринчилиги өтүүдө.
Мэриядан билдиришкендей, мелдеш жаш категориясы боюнча үчкө бөлүнөт.
- 2008-2009-жылы туулгандар арасында (U-17),
-2010-2011-жылы туулгандар арасында (U-15);
-2012-2013-жылы туулгандар арасында(U-13) .
Беттештер «Виват» футбол стадионунда өтүүдө.
Белгиленгендей, 25-январда 2012-2013-жылы туулган (U-13) балдар арасында оюндар өтүп, жеңүүчүлөр сыйланышты.
Ал эми, 26-январда 2008-2009-жылкы (U-17) категориясында беттештер өттү.
Учурда 2010-2011-жылы туулган балдар арасында (U-15) командаларынын оюндары старт алды.
Белгилей кетсек, иш-чаранын максаты - жаштар арасында футбол чеберчилигин өнүктүрүү, футзалды жайылтуу активдүү жана сергек жашоого кызыгууну арттыруу.
"Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль, кубок жана грамоталар менен сыйланышат",-деп айтылат маалыматта.