Бишкекте жакында 1200 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Коом 2 октябрь 2026 14:35
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Курулуш министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынын Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде курулган 1200 орундуу жаңы мектептин даярдыгын текшерди.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, мектептин долбоору республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталган.

Мектеп заманбап курулуш стандарттары жана билим берүү мекемелерине коюлган талаптар эске алынып долбоорлонгон. Имаратта кенен окуу класстары, лабораториялык кабинеттер, спорт залы, китепкана, ашкана жана чыгармачылык багыттагы кабинеттер каралган.

Мектептин негизги өзгөчөлүктөрү:

  • Заманбап конструктивдик жана инженердик чечимдер колдонулуп, жылытуу, желдетүү, суу жана электр системалары толук каралган. Ар бир класста ысык жана муздак суу чыгарылган.
  • Фасады ата мекендик керамогранит менен жасалгаланып, ички жасалгалоодо бышык жана заманбап материалдар колдонулган.
  • 102 кВт кубаттуулуктагы күн панелдери орнотулуп, электр энергиясын күндөн өндүрүүгө шарт түзүлгөн.
  • 1000 чарчы метрлик спорт залында душ бөлмөлөрү, жыйындар залында хореографиялык сабактар үчүн шарттар жана грим бөлмөсү каралган.
  • Лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттеринде тиешелүү жабдуулар орнотулган.
  • Заманбап эмеректер, окуучулар үчүн эргономикалык, бийиктиги жөнгө салынуучу парта, отургучтар коюлган.
  • Стоматологиялык жана медициналык кабинеттер, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн жеткиликтүү шарттар каралган.

Белгилей кетсек, президенттин тапшырмасы менен курулуп жаткан 36 жаңы мектептин бардыгында окуучулар үчүн ушундай заманбап шарттар жана бирдиктүү талаптар каралган. Айрым мектептерде атайын лифт да орнотулган.

Жаңы мектеп жакынкы күндөрү ачылат. 1200 орундуу мектеп эки нөөмөттө 2500гө жакын окуучуга билим алууга шарт түзөт.