Бишкекте унаа тетиктерин саткан дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык 1824 25 Февраль 2025 10:50
480963429_1033593382146721_827360931229563983_n.jpg
481281815_1033592958813430_1155133447308446020_n.jpg
481112407_1033593005480092_4583842339118730938_n.jpg
Алдыга
Артка
480963429_1033593382146721_827360931229563983_n.jpg
481281815_1033592958813430_1155133447308446020_n.jpg
481112407_1033593005480092_4583842339118730938_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Бишкекте унаа тетиктерин саткан дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 25-февралга караган түнү саат 2:19да Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун П. Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде унаа тетиктерин сатуучу жана оңдоочу жайдан ири өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Эрнест Жусуповдун жетекчилигинде жалпы 13 күжүрмөн эсеп (өрт өчүрүүчү унаа), Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу 1 дрон менен жана штаб тартылган.

Мындан сырткары "Бишкек Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2, "Бишкек жашыл чарба" кызматынан 2 суу ташуучу унаа, РЭТтен 1 бригада, ИИМден 4 экипаж, 90 кызматкер жана тез жардам кызматы тартылган.

Бактыга жараша кырсыктан адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес жана өрттөн жабыркагандар жок.

"Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен тилсиз жоо таңкы саат 6:04дө чектөөгө алынып, саат 9:08 толук өчүрүлдү",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өрттүн болжолдуу аянты 3 миң чарчы метрди түзүп, жеңил конструкциядагы жанаша жайгашкан контейнерлер күйгөн.