Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтыгынын (БАРЭК) бизнес-форумунун экинчи күнү өтүп жатат.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү форумдун көңүл борборунда — Кыргызстандын аймактык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү болууда.
Анда министр Бакыт Сыдыков өлкөнүн акыркы экономикалык көрсөткүчтөрүнө кеңири токтолуп, форумдун катышуучуларын Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги максаттары жана милдеттери менен тааныштырды.
Анын айтымында, инвесторлорду активдүү тартуу жана ири долбоорлорду ишке ашыруу саясатынын аркасында акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүштү көрсөтүүдө.
"Акыркы үч жылдын ичинде экономиканын рекорддук өсүшүн байкап жатабыз — орто эсеп менен жылына 9 пайыз. Ички дүң продукциянын көлөмү 2022-жылдагы 1 020,7 млрд сомдон 2024-жылы 1 523,2 млрд сомго чейин көбөйдү.
Бул жылдар аралыгында экономиканын бардык секторлору оң динамиканы көрсөттү:
- өнөр жай — 7 пайыз;
- айыл чарба — 5 пайыз;
- курулуш — 16%пайыз;
- кызмат көрсөтүү тармагы — 8 пайыз.
Экономиканын мындай өсүшү биринчи кезекте инвестициялардын эсебинен камсыздалды. Бул мезгил аралыгында жалпысынан 23 млрд долларга жакын инвестиция тартылды, анын ичинде 3,7 млрд доллар түз чет өлкөлүк инвестициялар. Биз ишкердик чөйрөсүн жакшыртууда туруктуу иш алып бардык. Анын ичинде эрежелер жөнөкөйлөштүрүлүп, ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлду жана инвесторлордун укуктарын ишенимдүү коргоо камсыздалды", — деди министр.
Сыдыков белгилегендей, Улуттук өнүктүрүү программаны ийгиликтүү ишке ашыруу максатында жыл сайын ИДПнын туруктуу өсүшүн кеминде 8 пайыз деңгээлинде камсыздоо пландалууда.
"Бул бизге экономиканын көлөмүн жок дегенде 30 млрд долларга жеткирүүгө жана киши башына ИДПны 4500 долларга чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биздин негизги приоритеттер — адам капиталын өнүктүрүү, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун сапатын түп-тамырынан жакшыртуу, кичи жана орто бизнеске активдүү колдоо көрсөтүү, инвестиция тартууну күчөтүү жана жумушсуздукту 5 пайызга чейин кыскартуу", — деп билдирди министр.
Ошондой эле ал экономикалык өсүштүн негизги булактары катары төрт өнүгүү багытын баса белгиледи: индустриализация, айыл чарба жана туризмди өнүктүрүү, регионалдык хабды түзүү жана жашыл энергетика.
"Бул максаттарга жетиш үчүн мамлекет, бизнес, жарандардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен күч-аракеттери талап кылынат. Биз өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн эки эсе көбөйтүү жана өнөр жайга салынган негизги капиталга инвестициялардын үлүшүн 50 пайызга жеткирүү милдетин коюп жатабыз. Машина куруу, фармацевтика, жеңил өнөр жай жана курулуш материалдары тармактарын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Бул экспорттук потенциалды кыйла жогорулатып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жол ачат", — деп баса белгиледи Бакыт Сыдыков.