Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду

Кырсык 10 февраль 2025 09:40
Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Бишкектин Ак-Ордо конушунда турак үйдөн чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 58 жаштагы эркек киши каза болду.

Тилсиз жоонун айынан турак үйдүн болжол менен жалпы аянты 100 чарчы метрди түзгөн чатыры жана ичи күйүп кеткен.

Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылып, өчүрүү иштерин жүргүзүштү.