Бишкекте өтүп жаткан уюшкан кылмыштуулукка каршы жыйында эл аралык тажрыйбалар изилденүүдө

Коом Загрузка... 30 Январь 2025 17:35
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Бишкекте уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракеттердин 2029-жылга чейинки мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуунун алкагында Ведомстволор аралык жумушчу топтун экинчи жыйыны өтүүдө.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, иш-чара КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан Ички иштер министрлиги жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен биргеликте уюштурулган.

Жыйынга 24 мамлекеттик органдын өкүлдөрү, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык эксперттер, көз карандысыз эксперттер, илимий жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин алкагында алдыңкы эл аралык тажрыйбалар изилденип, эң актуалдуу көйгөйлөр талкууланды жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн натыйжалуу алдын алуу жана практикалык чаралары жана механизмдери иштелип чыгууда.